• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктайт

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 30.09.17 /Кабар/. Кыргыз Респбликасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков карылар күнүнө карата кыргызстандыктарга куттуктоо менен кайрылды:

Ардактуу аталар жана апалар!

Сиздерди карылар күнү менен ак пейилимден куттуктайм!

Элибизде «Карысы бардын ырысы бар» деген, мааниси терең сөз бар. Кыргызстандын эгемен мамлекет катары калыптанышында Сиздердин эмгекке баа жетпейт. Алдыңыздар согуштун жана ооруктун оор күндөрүн башыңыздардан өткөрдүңүздөр. Согуштан кийинки мезгилде келаткан муунга жаркын заманды курууга эбегейсиз салым коштуңуздар.

Эми Сиздер жайкалып, бала-бакыраңыздардын маңдайында болуңуздар. Сиздердин караан эле бизге чоңкубат, бекем таяныч.

Сиздерге чың ден соолук, бакубат өмүр тилейм!

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков

Пикир

Оставить комментарий