• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тышкы иштер министри Казакбаев иш сапар менен Россияга барды

Саясат 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2020-жылдын 22-октябрында иш сапар менен Россия Федерациясына келди. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министр Казакбаев Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, ошондой эле Россия Федерациясынын башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен жолугушуусу күтүүлүдө.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий-соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле эки тараптуу кызыкчылыкты көздөгөн көп тараптуу өз ара аракеттенүү маселелериндеги кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелерди кароо пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий