• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тышкы иштер министри Казакбаев облус жана шаар башчылары менен онлайн жолугушуу өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев облус жана шаар башчылары менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 20-январда Экономика министрлигинин, Финансы министрлигинин, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин, Маданият жана туризм министрлигинин, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жана Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчилеринин катышуусунда министр Руслан Казакбаевдин өкмөтүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана шаар мэрлери (облустардын административдик борборлорунун башчылары) менен онлайн жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Казакбаев министрлик региондордун потенциалын илгерилетүү маселесине, ошондой эле Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен биргеликте чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, өлкөнүн экспорттук жана туристтик потенциалын илгерилетүү боюнча максаттуу иш алып барууга өзгөчө көңүл бура тургандыгын белгиледи.

Аны менен бирге, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды турукташтырууга көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан кабыл алынган кризиске каршы чаралар жана аракеттер планы тууралуу маалымат берди.

Тышкы саясат ведомствосунун башчысы ошондой эле өлкө үчүн оор эпидемиологиялык мезгилде министрлик Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен биргелешип өлкөнү тийиштүү жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо, жасалма дем алдыруучу аппараттары, кычкылтек концентраторлору, тест-системалар, лабораториялык тестирлөө үчүн реагенттер, ПЦР-тесттер жана башка медициналык жабдыктар түрүндөгү гуманитардык жардамды, анын ичинде региондор менен чет өлкөлөр ортосундагы боордоштук мамилелер жана достук байланыштар аркылуу жардам тартуу жаатында иш жүргүзгөндүгү тууралуу кабарлады.

Министр тарабынан облустардын приоритеттүү тармактары боюнча сапаттык инвестициялык долбоорлорду, соода-экономикалык жагына басым жасоо менен мазмундуу презентацияларды иштеп чыгуу жана андан ары илгерилетүү аркылуу региондордун оң имиджин калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулуп, жыйынтыкка жетишүү үчүн профилдик министрликтердин жана ведомстволордун өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү менен өз ара аракеттенүүнү орнотуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий