• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

U23 Дүйнө чемпионаты: Бүгүн кыргызстандык беш балбан күчүн сынайт

Спорт 0

Бишкек, 02.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык беш балбан бүгүн, 2-ноябрда, Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасында эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күчүн сынай баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтүүдө.

Чемпионаттын экинчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык беш балбан: Нурмухаммед Абдуллаев - 60 кг, Марлен Асикеев - 67 кг, Ийгилик Сатымкул уулу - 72 кг, Бексултан Назарбаев - 82 кг жана Данияр Шеримбеков - 97 кг килем үстүнө чыгат.

Эскерте кетсек, буга чейин 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Кыргызстандын курамасы аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий