• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Учак кырсыгынан каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандарына КР ӨКМ атайын эсебинен каражат которулду

Өкмөт 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. Авиакырсыктан каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандарына жардам берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин атайын эсебине түшкөн каражат 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунда болгон «Боинг-747» авиакырсыгынан каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандарынын персоналдык банктын эсебине которулду. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Эскерте кетсек, КР ӨКМ атайын эсебине калк тарабынан 100 млн 499 миң 300 сом түшкөн.

Жабырлануучулардын өздөрүнүн өтүнүчү боюнча, аларга бөлүнгөн финансылык каражат, алардын талаптары боюнча ар кандай чыгымдарына төлөнүү үчүн, ар биринин жеке банктык эсебине которулду.

Ошондой эле жабырлануучулардын өздөрүнүн өтүнүчү боюнча, ар кандай механизмдерге жол бербөө үчүн, үй сатып алуу үчүн бөлүнгөн каражаттарды башкаруу мамлекеттик комиссия тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Турак-жай сатып алууга каражат берилгендигине байланыштуу, каза болгондордун жана жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүн мамлекет тарабынан каражат төлөп убактылуу жайгаштыруунун зарылдыгы жок. Буга байланыштуу алар менен макулдашылып, алар жашаган убактылуу турак-жайлар бошотулат.

Ошондой эле, «ACT Airlines» түрк авиакомпаниясы тарабынан акчалай компенсация күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий