• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Медициналык кызматтар үчүн жарандардын акы төлөө тутумун тартипке келтирүү зарыл – С.Жээнбеков

Өкмөт 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. “Саламаттык сактоо тармагында медициналык кызматтар үчүн өлкө жарандарынын акы төлөө тутумун тартипке келтирүү зарыл”, - деп билдирди бүгүн КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков КР Жогорку Кеңешинин КР Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердигинин отчетун талдоо жыйынында.

Өкмөт башчы бүгүнкү күнү КР Саламаттык сактоо министрлигинин иштөө ыкмаларын жана принциптерин кайра карап чыгуу маселеси тургандыгын белгиледи.

“Медициналык жардам үчүн кайрылган жарандар медициналык кызматтар үчүн бейформал төлөмдөрдү берип келишкени жашыруун эмес. Буга байланыштуу төлөө тутумун тартипке келтирүү зарыл. Каржылык төлөмдөрдү жөнгө салуу боюнча сынамык долбоорлорду иштеп чыгуу керек”, - деп баса белгиледи С.Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий