• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Учуу узактыгы 1 саат 15 мүнөт. Бишкек-Исфана авиакаттамы кайра жанданат

Аймак 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. 2021-жылдын, 18-январында Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамы кайра жанданат.

"Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, авиакаттамдарды “Tez Jet” авиакомпаниясы аткарат.

Авиакомпания ар жуманын дүйшөмбү күнү учуп, учуу узактыгы 1 саат 15 мүнөт түзөт.

Бишкектен учуп кетүү - 11:00.

Исфанага учуп келүү - 12:15.

Исфанадан учуп кетүү - 13:05,

Бишкекке учуп келүү - 14: 20.

Маалымат катары: 2020-жылы аэропортко мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды. Реконструкция долбоордун алкагында учуп-конуу тилкеге, рулеждук жолчого, аба кемелерди токтотуучу жайга жана перронго реконструкциялык иштери жүргүзүлдү.

Заманбап атайын геосинтетикалык курулуш материалдарын колдонуу менен 75 миң чарчы метр асфальт бетон төшөлдү. Учуп-конуу тилкенин жалпы узундугу 1735 метр, ал эми туурасы 35 метрди түздү.

Мындан тышкары, 2019-жылы жалпы аянты 553 чарчы метр болгон жаңы аэробекет курулган, ичинде жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, алар – каттоочу орундар, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн текшерүүчү аппараттар, жүк лентасы, эне-бала бөлмөсү жана башкалар.

Пикир

Оставить комментарий