• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

UFC Валентина Шевченконун ысымы жазылган футболканы сатыкка чыгарды

Спорт 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. UFC Валентина Шевченконун аты жазылган футболкаларды чыгарды. Алар аталган уюмдун онлайн дүкөнүндө сатыкта турат.

Футболкаларда “Valentina "Bullet" Shevchenko Bishkek, KGZ” деп жазылган. Ошондой эле ал дүкөндө мушкердин аты жазылып, ак илбирс менен тоодон нур чачып келе жаткан күн тартылган футболкалар сатылууда.

Белгилей кетсек, жакында эле Валентина Шевченко эң жеңил салмак боюнча UFC чемпиону болгон. Ал польшалык мушкер Йоанна Енджейчик менен беттешип, аны калыстардын чечими менен жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий