• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айсулуу Тыныбекова Олимпиададан кийин өзүнүн формасына толук келе электиги айтылды

Спорт 0

Бишкек, 14.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпидасынан кийин акырындап өзүнүн формасына келип жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев УТРК Спорт телеканалына билдирди.

“Бул спортто боло турган нерсе. Аны машыктыруучу штаб жакшы түшүнөт. Анткени чоң спортто форманы бир калыпта кармап туруу өтө кыйын”, - дейт машыктыруучу.

Кенжебаев спортчу кыздар 2022-жылды Сербиядагы дүйнө чемпионаты менен жыйынтыктай турганын маалымдады.

“Эми башкы машыктыруучу менен чогуу кеңешип, кийинки жылга план түзөбүз”, - деди ал.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында коло үчүн күрөштө украиналык спортчуга бир упайга утулуп калган.

Пикир

Оставить комментарий