• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Азия-2019 чемпионатынын 16 жашка чейинки кыздар арасында тандоо туру башталат

Спорт 0

Бишкек, 15.09.18 /Кабар/. Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо бүгүн, 15-сентябрда Азия-2019 чемпионатынын D тобунда 16 жашка чейинки кыздар арасында тандоо турунун биринчи раунду башталат. Тандоо турлары 23-сентябрга чейин өтөт.

Кийинки раундга жолдомо алуу үчүн Кыргызстанды, Австралиянын, Кытайдын Тайбэйинин, Индонезиянын жана Палестинанын курама командалары күч сынашат.

23-февралдан 3-мартка чейин өтө турган Азия-2019 чемпионатынын 16жашка чейинки кыздар арасында тандоо циклинин экинчи раундунда биринчи тандоо турунан 8 команда чыгат. 6 топтун жеңүүчүлөрү жана экинчи орунду алган эки мыкты команда.

Азия чемпионатынын (U-16) кыздар арасындагы D тобундагы тандоо турунун оюндарынын жүгүртмөсү:

15-сентябрь 2018 (ишемби)

17:00 Кыргыз Республикасы – Кытайдагы Тайбэй

13:00 Индонезия – Палестина

17-сентябрь 2018 (дүйшөмбү)

13:00 Палестина – Австралия

17:00 Индонезия – Кыргыз Республикасы

19-сентябрь 2018 (шаршемби)

13:00 Австралия – Индонезия

17:00 Кытайдагы Тайбэй – Палестина

21-сентябрь 2018 (жума)

13:00 Кытайдагы Тайбэй – Индонезия

17:00 Кыргыз Республикасы – Австралия

23-сентябрь 2018 (жекшемби)

17:00 Палестина – Кыргыз Республикасы

Пикир

Оставить комментарий