• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Мадина" базарынын кампасынан өрт чыгып, 1500 чарчы метр аянт күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 15.09.18 /Кабар/. "Мадина" базарында өрт чыгып, 1500 чарчы метр аянты күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт тууралуу билдирүү 14-сентябрда саат 22:53тө келип түшкөн. Тартылган күчтөр жана каражаттардын жардамы менен өрт саат 04:07де толугу менен өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кездемелер турган кампа күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген зыян такталууда. Өрттү өчүрүүгө 6 өрт өчүрүүчү бөлүк, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун ыкчам тобу, ИИМдин кызматкерлери жана суу каналынын унаалары тартылган.

Пикир

Оставить комментарий