• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте ИИМдин ички аскер кызматынын 22 жаштагы жоокери асынып алган

Кырсык 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Бишкекте ИИМдин ички аскер кызматынын 22 жаштагы жоокери асынып алган. Бул тууралуу маалыматты "Кабар" агенттигине ИИМдин ички аскер кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, саат 5:45те асынып алган жоокер табылган. Окуя Бишкектеги 702 аскер бөлүгүндө катталган. Окуя болгон жерде Аскер прокуратурасы иштөөдө.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, окуянын чоо-жайы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий