• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: “Айчүрөк” соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. “Айчүрөк” соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан К.Асанбектин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында, 22-ноябрда “Сити Центр” ЖЧКсынын башкы директору, КР жараны Ж.З.О. кармалды.

Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүндө (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”) каралган кылмышты жасагандыгы боюнча айып тагылып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ошол эле учурда “Сити Центр” ЖЧКсы “Айчүрөк” соода борборунун негизги башкаруучу компаниясы болуп саналат, ал соода борборундагы соода жана кеңсе жайларын ижарага берүү менен алектенет.

Учурда мамлекеттик органдарга берилген отчеттук маалыматтардагы бурмалоолорду аныктоо жана республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин 2023-жылдын 11-ноябрында “Айчүрөк” соода борборунун ээси А.Маметовго (Габбазов) тергөө органдары тарабынан издөө жарыяланган.

Мындан тышкары, КР УКМК тарабынан К.Асанбекке таандык мүлктү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий