• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Аламүдүн районунун прокурору жана анын орун басары кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Туруктуу түрдө пара алуу фактысы боюнча Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору жана анын орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына Аламүдүн районунун прокуратурасындагы туруктуу түрдө пара алуу фактылары тууралуу маалымат түшкөн.

“Аталган райондогу укук коргоо органдары тарабынан мыйзамдын сакталышына көзөмөл жүргүзгөн Аламүдүн районунун прокуратурасынын жетекчилиги, өздөрү көзөмөл кылган тергөө бөлүмдөр менен сүйлөшүп алып, кылмыш иштери боюнча өтүп жаткан адамдарга тигил же бул чечим чыгарып берүү үчүн туруктуу түрдө пара алып жүргөнү аныкталды. 11-ноябрь күнү Башкы прокуратуранын өздүк коопсуздук жана кызматтык иликтөөлөр бөлүмү менен бирге жүргүзүлгөн ыкам-тергөө иштеринин жүрүшүндө Аламүдүн районунун “С.Э.А.” аттуу прокурору жана анын “М.А.С.” аттуу орун басары кармалды, - деп билдирет УКМК.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий