• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Тажикстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жаңы программа иштелип чыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Тажикстанда Тил жана терминология боюнча комитети 2020-2030-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы иштелип чыкканын, долбоор өкмөткө жөнөтүлгөнүн билдирди.

Комитет төрагасы Олимжон Мухаммаджонзода өткөн аптада тажик тилин өнүктүрүү боюнча жаңы программа иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыкканын айткан. Ал бул программанын алкагында электрондук сөздүк жана башка мамлекеттик тил боюнча окуу куралдарын иштеп чыгуу сунушталып жатканын кошумчалаган.

Мухаммаджонзода чет өлкөдө жашаган тажиктер арасында мамлекеттик тилди окутуу программанын негизги максаттарынын бири деп эсептейт. Анын айтымында, программанын негизинде тажик жазуучуларынын китептерин электрондук жана аудиоформатка өткөрүү пландалууда.

Тажикстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча буга чейин эки программа кабыл алынган.

Тажик тилин өнүктүрүү жана анын орфографиясын колдонуу маселесинде көп жылдардан бери талаш-тартыш жаралып келет. Тажик тили 1989-жылы 22-июлда мамлекеттик макамга ээ болгон. Бул убакыт аралыгында жазуу эрежеси эки сапар өзгөртүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий