• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ак-Буура суусуна чөгүп кеткен адам изделүүдө - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. 3-август күнү Ош шаарындагы Өзгүр айылында Ак-Буура каналына 1994-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Мындай маалымат ӨКМге 5-август күнү түшкөн. Издөө-иштерин жүргүзүү үчүн 9 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу саат 20:20да издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 6-август күнү издөө иш-чаралары улантылат.

Пикир

Оставить комментарий