• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто казак түрмөсүнөн качып кеткен кыргызстандыкты издөө уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Ош облусунда казак түрмөсүнөн качып кеткен кыргызстандыкты издөө иштери уланууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын маалыматына караганда, жакында Ош ИИБнин патрулдук-посттук кызматынын кызматкерлери жергиликтүү кафелердин биринде өткөн жылдын декабрь айынан бери изделип жаткан Жылдызбек Бекмурзаевди байкап калышкан.

Анын сүрөтү Кыргызстандын жана Казакстандын бардык ички иштер кызматкерлерине жиберилген.

“Патрулдук пост кызматынын кызматкерлери кылмыш издөө бөлүмүндөгү кесиптештерин чакырышкан. Алар окуя болгон жерге келгенде Бекмурзаев милиция кызматкерлерин атып салам деп коркуткан. Анын жанында курал-жарак менен спорттук сумкасы болгон. Изделип жаткан адам болжолу менен 35 жаштагы белгисиз киши менен болгон. Экөө унаага отуруп, кетип калышкан. Милиция кызматкерлери артынан кубалашып, бирок аларды кармай алышкан эмес”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Бардык күч органдары кылмышкерди издешкен, бирок караңгы киргенине байланыштуу кыйынчылык туудурган. Учурда издөө иштери уланууда.

Жылдызбек Бекмурзаев буга чейин каракчылык үчүн соттолгону белгилүү.

Эске салсак, былтыр аны казак укук коргоо органдары чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн кармашкан. Тергөөнүн аягында сот Бекмурзаевди 6 жылга эркинен ажыраткан, бирок ал декабрь айында качып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий