• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК Бишкектеги 120га жакын күрөөкананы текшерди

Коом 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарынын аймагында иштеп жаткан 120 күрөөканада мыйзамдын сакталышы боюнча масштабдуу текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын лицензиясы жок иштеген 2 ломбард, Салык мыйзамдарын одоно бузган 2 ломбард, иш-аракетинде насыя алуучуларга карата алдамчылык аракеттердин белгилери байкалган 3 ломбард аныкталган.

Ошондой эле, 200%дан ашкан пайыздык үстөк менен кыска мөөнөттүү кредиттерди берүү фактылары жана күрөөгө коюлган талаптарды бузуу (ээсинин билбестен транспорт каражаттарын жана башка каражаттарды пайдалануу/сатуу) аныкталып.

Учурда бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүүдө, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечимдер кабыл алынат.

Буга байланыштуу, 120 ломбарддын жетекчилери жылдык пайыздык ченди 43%га чейин төмөндөтүүгө (Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы менен алар сунуш кылган мыйзам долбооруна ылайык макулдашылган) милдеттендирилди.

Жогоруда айтылгандар менен катар УКМКнын демилгеси менен 2023-жылдын 29-декабрында Экономика министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын сайтында бардык ломбард жетекчилеринин чогулушу пландаштырылууда, анда бизнес жүргүзүүнүн жаңы шарттары айтылат.

Пикир

Оставить комментарий