• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Люксембургда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Люксембург айылында 27-декабрда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

ҮДТ Ленин көчөсү, 174 А дарегинде жайгашкан. Имараттын курулушун Түрк өкмөтүнө караштуу Кызматташтык жана өнүктүрүү башкармалыгынын (TIKA) Бишкек координациялык кеңсеси тарабынан каржыланган - 115 миң доллар.

Иш-чарага президенттин облустагы өкүлү Канат Жумагазиев, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Осмонов, ошондой эле чакырылган коноктор катышты.

Канат Жумагазиев өз сөзүндө ден соолукка кам көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, аны "биринчи байлык" деп атап, чогулгандарга ден соолук каалады.

Ал белгилегендей, өлкөдө медицина тармагында олуттуу ийгиликтер жаралып, дарыгерлерге жакшы шарттар түзүлүп, медициналык мекемелер жаңыланууда.

Ыйгарым укуктуу өкүл Чүй облусунда 2023-жылга пландалган социалдык объектилердин курулушу план боюнча жүрүп жатканын билдирди.

Курулуп жаткан объекттер боюнча: 2023-жылга карата 73 социалдык объектинин куруу иштери жүргүзүлүп, 55 объекти ишке берилип, калгандары аяктоо стадияларында турат. 75тин ичинде 15 мектеп, 7 бала бакча, 13 медицина мекемелери, 21 спорттук объект, 5 социалдык шаарча, 2 реаблитациялык борбор, 10 суу мунарасы жана суу түтүкчөлөрү бар экенин айтты.

Сөзүнүн соңунда Канат Жумагазиев иш-чаранын катышуучуларын кирип келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, ынтымакты, жаратмандыкты, өнүгүүнү алып келген куттуу жыл болуусун жана баарына бекем ден соолук, ачык маанай каалады.

Пикир

Оставить комментарий