• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталыштагы форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Бүгүн “Бабур” атындагы драма театрында министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча” иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөөгө ашыруу максатында “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталыштагы форум болуп өттү.

Иш-чарага ики иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчилери, кварталдык комитеттер, аялдар жана аксакалдар кеңештеринин, Ош шаарынын казыятынын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Форумда Ч.Түлөбердиев атындагы мектептин окуучулары тарабынан “Зордук зомбулукка жол жок” аталыштагы кыска спектакль коюлуп, орчундуу маселелер жана аткарылып жаткан иштер боюнча баяндамалар жасалды.

Соңунда тиешелүү резолюция кабыл алынып, укук бузуулардын алдын алууда жетишкендиктери үчүн артыкчылыкка ээ болгон бир катар кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин юбилейлик медалдары жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий