• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл. КТБларда маалыматтык бурчтар ачылды

Коом 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Кыргызстан боюнча 36 калкты тейлөө борборунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган маалыматтык бурчтар ачылды. Иш-чара президент Садыр Жапаровдун “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн “Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан уюштурулган. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Маалыматтык бурчтар билим берүүчү жана маалыматтык мүнөзгө ээ. Анда кардарлар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаралуу тарыхы менен таанышып, Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов жана башка кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн башында турган мамлекеттик жана саясий ишмерлердин өмүр баяны менен таанышууда.

Маалыматтык бурчтарда кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү баяндалган документтер жана сүрөттөр, 100 жыл ичиндеги Кыргызстандын жетишкендиктери жөнүндө маалымат тактасы, Кыргызстандын тарыхы боюнча китептер жана китепчелер жайгаштырылган.

Калкты тейлөө борборлорунда маалыматтык бурчтарды уюштуруу — бул Кыргызстандын тарыхына таазим жана жаш муундарды патриоттук тарбиялоого кошкон салым.

“Инфоком” мамлекеттик ишканасы республиканын бардык тургундарын жана конокторун калкты тейлөө борборлорунларына барып, маалыматтык бурчтар менен таанышууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий