• 88.68
  • 95
  • 0.95

10-апрелге карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Эртең, 10-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -3...-5 үшүк жүрөт, күндүз 6…11 градус, Талас облусунда түнкүсүн -5...-7 үшүк жүрөт, күндүз 3…8 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, айрым жерлеринде -2...-4 үшүк журөт, күндүз 6…11, Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0…-2, күндүз 11…16 градус жылуу болот.

Эртең, 10-апрелде борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 7…9 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий