• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нурболот Үсөнбаев башкы санитардык дарыгер болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Нурболот Үсөнбаев саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы санитардык дарыгер болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр кол койгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, мындан бир аз мурда Төлө Исаков саламаттык сактоо министринин орун басары кызматынан бошотулган.

Үсөнбаев Нурболот Төлөшевич - 1962-жылы 23-апрелде Фрунзе шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү.

Пикир

Оставить комментарий