• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Чүй облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.02.22./Кабар/. Чүй облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды, - деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы.

Тактап айтканда, Макаров тапанчасы (ПМ), Калашников автоматынын 5,45 жана 7,62 калибрдеги бир нече гильзалары жана Макаров тапанчасы 9 мм, Казакстан Республикасынын транспорт каражатынын мамлекеттик номуру, ошондой эле жардыргыч түзүлүштөрдү колго жасоо үчүн башка буюмдар жана заттар катылган жер табылды.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, табылган курал-жарак жана ок-дарылар кылмыштуу элементтер тарабынан кылмыш жасоо үчүн даярдалып жаткан.

Табылган куралдардын келип чыгышы жана жашыруун сактоону уюштурган адамдар аныкталууда.

Пикир

Оставить комментарий