• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кадамжайда “Йакын-Инкар” диний агымынын беш мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. Баткендин Кадамжай районунда “Йакын-Инкар” диний агымынын беш мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирет.

Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгүнүн (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Кадамжай райондук сотунун тергөө судьясынын санкциясынын негизинде Үч-Коргон айыл аймагынын 40 жаштагы Г.Ш. аттуу тургуну жашап жаткан турак үйгө тинтүү жүргүзүлгөн.

Тыюу салынган Йакын-Инкар диний агымдын мүчөсү катары каттоодо турган Кадамжай районунун Марказ айылынын 28 жаштагы М.У., 44 жаштагы К.А., 53 жаштагы С.М. аттуу тургуну жана Үч-Коргон айыл аймагынын 32 жаштагы У.Д. аттуу тургуну (каттоодо турбаган) жогоруда айтылган Г.Ш.нын короосунда жайгашкан бир бөлмөлүү жашоого толук шарты жок үйүндө жыйын өткөрүп жаткан жеринен аныкталып, кармалды.

Алардын жанынан 26 китеп, 19 даана ар кандай маанидеги баракчалар алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий