• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун жалдоочусу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. Эл аралык террористтик уюмдун жалдоочусу кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-ноябрында УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны Е.В.В. кармалды.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө кармалган адамдан – Макаров пистолети, 4 даана бычак, 2 даана мобилдик аппарат, чоң көлөмдөгү диний адабияттар, 7 даана банк карталары, террористтик мазмундагы видео-аудио файлдар табылып алынды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий