• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Издөөдө жүргөн «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Издөөдө жүргөн «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

«КР УКМК диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын мыйзамсыз иш-аракеттерине каршы күрөшүү иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун “амири”, коңшу мамлекеттин жараны «Ш.Т.» аттуу жаран кармалды. Ал Кыргызстандын аймагында диний экстремисттик уюмдардардын жашыруун ячейкаларынын иш-аракеттерин жетектеп жүргөн», - деп айтылат маалыматта.

УКМКдан белгилешкендей, кармалган адам коңшу мамлекеттердин биринде «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмуна катышкандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн. «Ш.Т.» жасалма паспорт колдонуп, Кыргызстандын аймагында экстремисттик аракеттерин жасап жүргөн.

Бул факт КР Кылмыш кодексинин 359-беренесинин 3-бөлүмү, 39-беренеси жана 358-беренесинин 1-бөлүмү боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, УКМК тергөө органдары тарабынан кармалган адамга карата сотко чейинки өндүрүш башталды.

Кармалган адам Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына камалган. Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий