• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: КРде диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү делген чет элдик жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.12.17. /Кабар/. Кыргызстандын атайын кызматы тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КМШга кирген өлкөлөрдүн биринин жараны 1992-жылы туулган Е.А. аттуу жаран үстүбүздөгү жылдын 10-декабрь күнү кармалган.

Маалыматка ылайык, Е.А., экстремисттик уюмдун активдүү мүчөсү болгон, кылмыш ишинен качып, Кыргызстанга келген.

Учурда кармалган жаранды тиешелүү органдарга өткөрүп берүү каралып жатат.

Пикир

Оставить комментарий