• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК "Кыргызтелекомдун" директорлор кеңешинин ишине коркутуу жолу менен кысым көрсөтүүдөбү? — Жооп

Коом 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. КР УКМК "Кыргызтелеком" ААКтын директорлор кеңешинин ишине коркутуу жолу менен кысым көрсөтүү менен кийлигишип жатат делген ЖМКларда жайылтылып жаткан мааалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, улуттук коопсуздук органдары "Кыргызтелеком" ААКтын ишине жана кадрдык дайындоолоруна кийлигишүүгө укугу жок.

"УКМК ведомствонун төрагасы Камчыбек Ташивдин ысымын жана кадыр-баркын пайдаланып, адамдарды өз кызыкчылыгы үчүн колдонгондорго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тийиштүү чаралар караларын эскертип кетет", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын УКМКнын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттер жана фактылар болсо, Кыргыз Республикасынын УКМК нөөмөт бөлүмүнүн 0312-62-05-85, 0312-66-04-75 телефондоруна кайрылуунуздар болот.

Пикир

Оставить комментарий