• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

“УКМК өлтүрүп койду” деген акылга сыйбаган күмөн. Президент Асанбаев менен Казакпаев тууралуу

Президент 0

Бишкек, 25.06.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маек куруп, коомчулуктун курч суроолоруна жооп берди.

Президентке “Жакында коомчулукта кызуу талкуу жараткан кийинки тема – УКМК имаратынан эки сөөктүн чыгышы. Буга байланыштуу коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев иштен четтетилиши керектигин айткандар болду. Сиз атайын комиссия түздүңүз. Анын объективдүүлүгүнөн күмөн санабай эле койсо болобу?” деген суроо узатылган.

“Эч күмөн санабай эле койсоңуздар болот. Биздин коомчулуктан жашыра турган эч нерсебиз жок. Ошон үчүн комиссияга маркум болуп кеткендердин жакын туугандарын, омбудсменди, бейөкмөт уюмдарын киргиздик. Иликтеп чыгып, элге ачык жарыялашсын. Бул – кырсык. Албетте, менин жеке баамымда СИЗОнун жетекчисин “Эмне үчүн узарткыч колдонгонго уруксат бердиң?” деп күнөөлөсөк болот. Шнуру узун узарткыч, жип, бычак, устара сыяктуу буюмдарды камерада колдонууга мыйзам тыюу салат. Бирок мен УКМКнын СИЗОсун эки жолу, Бишкектин СИЗОсун бир жолу көргөн адам катары айта алам. Узарткычсыз жашоо өтө кыйын. Тефаль, тамак жасаган плита, телевизор, радио, муздаткыч жана башка буюмдарды бир точка менен колдонуу мүмкүн эмес. Камакта олтурган адамдар өздөрү эле кыйналышат. Өздөрү эле киргизип бергиле деп суранышат”, - деди ал.

Жапаров абакта телефон колдонгонго болбой турганына карабастан аны тамак-аш менен алып өтүп турушарын айтты.

“Тинтүү иштери жүрүп, алар алынып турат. Кайра эле киргизе беришет. Жашоо ошентип айланып турат. Ал эми “УКМК өлтүрүп койду” деген акылга сыйбаган күмөн. УКМКга миңдеген адамдар камалып чыгып жатышат. Кимдер гана камалып чыкпады. Баары эле аман-эсен чыгып жатышат го. “УКМК өлтүрүп койду” дегидей, булар же бир коомчулукка таанымал чоң фигуралар болсочу. Жөн гана кылмыш иштери менен камалган адамдар экен. Экинчи маркум банкта иштеген жаш бала болсо, “Айылбанктан” берилген 3,5 миллион доллар кредит кайра кайтпай жаткандыгы боюнча камалган экен. 3,5 миллион доллар оюнчук акча эмес да, бул – элдин акчасы”, - деп билдирди президент.

Эскерте кетсек, 18-июнда УКМКнын тергөө абагында жаткан "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев асынган абалда табылган. Буга чейин саясат таануучу Марат Казакпаев УКМКнын абагынан ооруканага жеткирилип, эртеси каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий