• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: «Түндүк» подстанциясына жабдууларды жасалма сатып алуу жана орнотуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын кызматкерлери тарабынан “Түндүк” подстанциясын модернизациялоодо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, тендердик шарттарга жана Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын бюджетине дал келбеген жабдууларды жасалма түрдө сатып алып жана орнотуу иштеринде, 2,5 млн сомдук зыян келтирилген фактыны аныктады.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 2017-жылы “Түндүк” подстанциясы үчүн өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында “N.E.C.” өндүрүүчүсүнүн релелик коргоочусу жана автоматикасы орнотулушу керек болгон. Бирок ЖЧЭТИ кабыл алуу комиссиясы ишкананын кызыкчылыгына каршы туруп, ишенимдүүлүктүн жана коопсуздуктун белгиленген шарттарына жооп бербеген башка өндүрүүчүнүн жабдууларын кабыл алган, бул калкты электр энергия менен камсыздоодо үзгүлтүккө учуратып, техникалык жабдуунун тез бузулушун, ошондой эле бүткүл подстанциялардын иштен чыгышына алып келиши мүмкүн.

Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө ЖЧЭТИ жооптуу кызматкерлери жең учунан сүйлөшүүлөргө барып, техникалык негиздемеси жок болгонуна карабастан, эч кандай арыз-даттануусуз, орнотмолорду кабыл алуу иштерин жүргүзүшкөнү аныкталган.

КР Кылмыш-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ЖЧЭТИ кабыл алуу комиссиясынын төрагасы Н.М.А. менен “Т-Р” Жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору И.К.С. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий