• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 3-сентябрында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында террористтик багыттагы өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн КМШ өлкөлөрүнүн биринде издөөдө жүргөн «Н.А.А.» Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Такталган маалыматка ылайык, кармалган адам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Бишкек шаарында жашырынып жүргөн.

Сот органдарынын чечими менен кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий