• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Өлкөгө 4 млн сомдук дары-дармектерди мыйзамсыз алып келген канал аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Дары-дармектерди мыйзамсыз алып келген канал аныкталды, - деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.

УКМКнын билдирүүсүнө караганда, 2020-жылдын 16-декабрында УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте жүргүзгөн иш-чаралардын алкагында Талас облусундагы “Чоң Капка-Автожол” көзөмөл-өткөрмө пунктунан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан дары-дармектер табылып, алынды.

Такталган маалыматка ылайык, кармалган дары-дармектердин 176 түрү салынган 100 кутучанын тиешелүү уруксат берүүчү кагаздары болгон эмес.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча кармалган жүктүн баасы 4 миллион сомдон ашык суммага барабар.

Учурда товардын чоо-жайын тактоо максатында материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий