• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Велосипед уурдоого шектелип 39 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. Велосипед жана балдар арабасын (коляска) уурдоого шектелип 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициядан билдиришкендей, 9-август күнү Октябрь райондук милициясына М.Н. аттуу шаар тургуну кайрылып, "Асанбай" кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн подъездинен белгисиз бирөөлөр баасы 200 долларлык балдар арабасын жана 100 доллар турган велосипедди уурдап кеткенин билдирген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 200-беренеси ("Уурдоо") боюнча каттоого алынган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары мурда ушундай эле иштер боюнча кылмыш жообуна тартылган 39 жаштагы А.И. аттуу жаран кармалган. Октябрь райондук соту, аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

"Кармалган жарандын иш-аракетинен зыян тарткан же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0(559) 102-855, 0(550) 102-267 же 102 номерлери боюнча маалымат берүүңүздөрдү өтүнөбүз", - деп билдиришти милиция кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий