• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте цехтердин биринен өрт чыгып, бир адам ууланган

Кырсык 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Айтматов көчөсүндөгү "Бишкек штамптоо заводунун" аймагында жайгашкан модуль цехтин 120 чарчы метр чатыры жана 300 литр боёк күйгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттүн кесепетинен 35 жаштагы П.Ф. аттуу эркек киши көмүр кычкылтегине ууланып, жеңил жаракат алган.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий