• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Укмуш гол! Тайландда эки футболист бир убакта артка секирип тээп гол киргизгендеги видео

Спорт 0


Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. Укмуштуудай гол футбол боюнча Тайланд биринчилигинин 25-турунда "Нахон Ратчасима" менен "Бурирам Юнайтед" командалары оюн өткөрүп жатканда кирген. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Оюндун негизги убактысы бүтүп, кошулуп берилген убакыттын 4-мүнөтүндө "Нахон Ратчасима" командасы акыркы мүмкүнчүлүктү пайдалануу үчүн чабуулга чыккан. Эсеп 3:1 болуп, "Бурирам Юнайтед" командасы алдыда эле. "Нахон Ратчасима" клубунун оюнчусу чыгарып берген топту эки оюнчу тең бир убакта секирип туруп артка тепкен. Эки футболисттин тебүү ыкмасы да окшош болгон.

Жыйынтыгында топ каршылашынын дарбазасында орун алган. Гол эки футболисттин бирөөсүнө жазылган.

Бирок, мындай укмуштуудай гол "Нахон Ратчасима" командасына жеңиш алып келген эмес. Оюн 3:2 эсебинде жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий