• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улан Алымканов "Алай" футбол клубуна жетекчи болуп дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Акматбек Сүйүмбаев атындагы Ош шаардык стадионунун жана "Алай" футболдук клубу муниципалдык ишканасынын жаңы директору болуп Улан Алымканов дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов жаңы жетекчини стадиондун жамаатына жана "Алай" футбол клубунун футболчуларына тааныштырып, алдыдагы беттештерге ийгилик каалады.

"Ош шаарынын мэринин тапшырмасы футболду өнүктүрүү. Футболчулар менен жетекчилик тыгыз иштетип, ийгилик жаратышы керек. Стадиондо бир гана футбол эмес, башка спорт түрлөрүн да уюштуруп тургула. Стадионду шарты бир топ жакшыртылган. Эң негизгиси "Алай" футбол клубу алдыга койгон максаттарга жетип, жаш тарбияланып жаткан балдардын машыгууларына да өзгөчө көңүл бурулушу керек", - деди вице-мэр.

Пикир

Оставить комментарий