• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улукбек Марипов суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 20.06.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Суу чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Миннистрлер кабинетинен билдиришкендей, куттуктоодо төмөндөгүдөй айтылат:

«Урматтуу суу чарба кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Суу чарба кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Суу – бул өмүр! Сугат суусуз айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жана мыкты түшүм алууга мүмкүн эмес. Бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Бүгүн, кургакчылык шартта, биздин дыйкандарыбыз сугат сууга таңкыс болуп турган учурда сиздердин эмгегиңиздер абдан маанилүү!

Министрлер Кабинети ирригациялык тармактарды жана каналдарды өнүктүрүү зарылдыгына маани берүү менен алдыга коюлган милдеттерди чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Жакынкы арада биздин алдыбызда сугат суу көйгөйүн чечүүгө, ирригациялык тармактарды оңдоого жана сугат жерлердин аянтын жогорулатууга жөндөмдүү жаңы каналдарды курууга багытталган биргелешкен иш турат.

Ошол эле учурда тамчылатып сугаруу, жаңы скважиналарды казуу, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу ыкмасын активдүү пайдалануу менен тармактагы жаны технологияларды өнүктүрүү зарыл.

Кымбаттуу суу чарба кызматкерлери,

Биз биргеликте алдыга коюлган милдеттерди толугу менен чече алаарыбызга ишенем, анткени Кыргыз Республикасы чоң суу ресурстарына ээ.

Ушул майрам күну бардыгыныздарга чың ден соолук, бакубаттуулук, тынчтык, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм! Майрамыңыздар менен!».

Пикир

Оставить комментарий