• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук банк валюта курсунун өсүшүнө байланыштуу дүрбөлөңгө түшпөөнү сунуштайт

Экономика 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Улуттук банк валютанын өсүүсүнө байланыштуу дүрбөлөңгө түшпөөгө жана чет элдик валюта сатып алуу боюнча операция жүргүзбөөгө чакырат. Бул тууралуу брифингде КР Улуттук банкынын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, 24-февралда мисалы, 1 доллардын курсу 95 сомго чейин көтөрүлдү, андан кийин 89-90- сомго чейин түшүп кетти.

“Сактоону диверсификациялоо керек, башкача айтканда, аларды түрдүү активдерде сактоо зарыл, мисалы жарымысын алтын кылып. Эң башкысы бардык жумуртканы бир себетте сактоо туура эмес”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий