• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот

Маданият 0

Бишкек, 21.11.21. /Кабар/. Улуттук тарых музейи 22-ноябрда (дүйшөмбү) жабык болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Улуттук тарых музей санитардык тазалоо иштерине байланыштуу 2021-жылдын 22- =ноябрь күнү (дүйшөмбү) жабык болот", - деп айтылат маалыматта.

Музей өз көрөрмандарын 23- ноябрдан тарта саат 10:00 -18:00 чейин кабыл алуусун улантат.

Белгилей кетсек, музей 5 жылдык реконструкциялоо иштеринен кийин 19-ноябрда расмий ачылган.

Эскерте кетсек, Тарых музейи 2016-жылдын 25-майында оңдоп-түзөө иштерине жабылган. Оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан имараттын сыртын жасалгалоого 15 млн доллар каржыланган.

Кийинчерээк социалдык тармактарда экспозициянын сметасы жарыяланып, анда жыгач аттар үчүн 14 миң евродон жана гардероб үчүн эмерекке 142 миң евро төлөнгөнү айтылган. Буга байланыштуу 2018-жылдын майында Жогорку Кеңештин депутаттары музейде көчмө жыйын өткөргөн.

Бул чуулгандуу окуядан улам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети иликтөө жүргүзүп, Башкы прокуратура музейдин имаратын оңдоодо жана жабдууларды сатып алууда бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Пикир

Оставить комментарий