• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Улуттук валюта – сом 25 жылдын ичинде 4 ирэт өзгөртүлгөн - КРУБ

Экономика 0

Бишкек, 10.05.18. /Кабар/. Кыргызстанда улуттук валюта – сом киргизилгенден тарта – 4 ирэт өзгөртүлгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде сомдун 25 жылдыгына карата өткөрүлгөн маалымат жыйында КР Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, КР көз карандысыздыкты алгандан кийин жана Конституция кабыл алынгандан тарта өлкө өз алдынча экономикалык ишмердүүлүк жүргүзө баштаган.

“25 жыл мурда 10-май таңкы төрттө биздин улуттук валюта –сом жүргүртүүгө киргизилген. Рубль менен сомдун тең жүрүшү 1993-жылдын 14-майына чейин уланган. 14-майда кечки саат 6да рубль менен сомду бирдей колдонуу токтотулган. Бул өз алдынча акча-насыя саясатын жүргүзүүгө түрткү берди. Белгилүү болгондой, ар бир өлкөнүн экономикалык туруктуулугунун көрсөткүчү катары улуттук валюта саналат. Башкача айтканда, анын ишенимдүүлүгү, сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана баалык туруктуулугу”,-деп билдирди ал.

Абдыгулов билдиргендей, 25 жылдын ичинде кыргыз сому өлкөдөгү экономикалык жана саясий оош-кыйыштарга карабастан өзүнүн туруктуулугун сактап калды.

Пикир

Оставить комментарий