• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга жыл башынан тарта 76,4 миӊ тонна минералдык жер семирткич ташылып келди

Экономика 0

Бишкек, 22.05.23./Кабар/. 2023-жылдын 16-майына карата Кыргызстанга жалпысынан 76,4 миӊ тонна минералдык жер семирткич ташылып келди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын 57,9 миң тоннасы азоттук жер семирткичтер болсо, 17,9 миң тоннасы фосфордук жер семирткичтер жана 0,6 миң тоннасы калийдик жер семирткичтер.

2023-жылы минералдык жер семирткичтерге болгон баалар:

  • аммиак селитрасы 1 кг үчүн – 34,0-44,0 сом
  • карбамид 1 кг үчүн – 42,0-49,0 сом.

2022-жылы минералдык жер семирткичтерге болгон баалар:

  • аммиак селитрасы 1 кг үчүн – 39,0-50,0 сом
  • карбамид 1 кг үчүн – 47,0-62,0 сом.

Былтыркы жылга салыштырмалуу баалар 5-6 сомго арзан болууда.

Пикир

Оставить комментарий