• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Унаа" мамлекеттик ишканасынын директору болуп Марат Пирназаров дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. "Унаа" мамлекеттик ишканасынын директору болуп Марат Пирназаров дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Пирназаровду бүгүн, 24-февралда ишкананынын жалпы жамаатына тааныштырышат.

Марат Пирназаров 1980-жылы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда туулган.

Ал мурда Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрага орун басары кызматын ээлеген.

Соңку учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун кеңешчиси болуп иштеп жаткан.

Пикир

Оставить комментарий