• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Унаа" мамлекеттик мекемесинин ишинде мүчүлүштүктөр жаралды

Коом 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 10-апрелде "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө маал-маалы менен мүчүлүштүктөр байкалууда. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мүчүлүштүктөр транспорт каражаттардын базасы менен бириктирилген бир катар мамлекеттик мекемелердин автоматташтырылган маалымат тутумдарынын ашыкча жүктөлүшүнө байланыштуу пайда болууда.

"Азыркы учурда бузулуулардын себептерин жоюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Каттоо бөлүмүнө баруудан мурун 0312 63 31 74 номерине чалып маалымат алсаңыздар болот", - деп белгилешти мекемеден.

"Унаа" мамлекеттик мекемеси унаа ээлеринен келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий