• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Унаа” мекемесинде кайрадан техникалык мүчүлүштүктөр орун алды

Коом 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. “Унаа” мамлекеттик мекемесинде кайрадан техникалык мүчүлүштүктөр орун алды.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо тутумунда мүчүлүштүктөр бар, анын себептери мекеменин ишмердүүлүгүнөн көз карандысыз жагдайлардан улам келип чыккан.

"Азыркы учурда бузулуулардын себептерин жоюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Каттоо бөлүмүнө баруудан мурун 0312 63 31 74, 0312 63 20 71 номерлерине чалып маалымат алсаңыздар болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин 22-мартта аталган мекеменин бардык бөлүмдөрүндө техникалык мүчүлүштүктөр орун алгандыгы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий