• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Унаа жолдордо курулуш жана оңдоо иштери улантылууда - Транспорт министрлиги

Коом 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Транспорт жана жол министрлигинин жолчулары өлкө аймагындагы өзгөчө кырдаал убагында курулуш жана оңдоо иштерин улантууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Мындан тышкары, жол четтериндеги белгилер сырдалып, таштандылардан тазаланууда.

Бүгүн, 11-майда министрлик тейлеген жолдордо каттамдар ачык. 10-май күнү республиканын көпчүлүк ашууларында кар жаап, жолдор тазаланган. Бүгүн эртең менен Барскоон-Ак-Шыйрак автожолундагы Сөөк ашуусунда кар жааган, жолчулар жолдорду тазалап, каттамды камсыз кылышты.

Ал эми учурда өлкөдө түзүлгөн абалда иштеп жаткан адистер санитардык нормаларды сактап иш алып барышууда, зарыл болгон медициналык каражаттар менен камсыздалышкан.

Пикир

Оставить комментарий