• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте чек ара маселесине байланыштуу митинг өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 15.01.20. / Кабар/. Бишкектеги Жогорку Кеңештин имаратынын алдында чек ара маселесине байланыштуу митинг өтүп жатат. “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык милициясынан билдиришкендей, шаар тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун сактоо максатында жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда. Милиция штаттык режимде иштеп жатат.

Митингдин катышуучулары бийлик тараптан чек ара маселелери жай чечилип жаткандыгы нааразы болушууда.

Белгилей кетсек, 9-январдан 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Анда Баткен облусунун Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан Кыргызстандын жаранына таандык унааны таш менен ургулашып, Тажикстандын аймагына кире качышкан. Ошондой эле, болжол менен саат 02:40та Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн таш менен ургулашкан. Кыргызстандын ал жаранынын үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге барган чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окторду табышкан. Ок атуулар тажик тараптан гана чыгып, маал-маалы менен кайталанган. Эртең мененки саат 8де ок атуулар токтогон. Азыркы учурда абал туруктуу.

Өкмөттөн билдиришкендей, кечээ, 14-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун жана Тажикстан Республикасынын вице-премьер-министри Азим Иброхимдин жолугушуусу өтүп, протоколго кол коюлган.

Протоколго ылайык:

- Укуктук жумушчу топторго 2020-жылдын 15-февралына чейин 114 чакырым аралыктагы чек ара аймагын аныктоо боюнча макулдашылган позицияны берүү тапшырылды;

- топографиялык жумушчу топторго Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы жерлерди аныктап, жерлерди алмашуу боюнча макулдашылган сунуштарды 2020-жылдын 1-мартына чейин иштеп чыгуу тапшырылды;

- тараптар Чоркух - Ак-Сай - Ворух, Көк-Таш – Ортобоз унаа жолдорунда биргелешкен күзөтүн улантууга, Исфара-Ворух жана Баткен-Исфана унаа жолдорунун кесилишинде жол чырактарын, байкоо камераларын орнотуу чараларын көрүүгө макулдашышты;

- Чектеш облустардын жергиликтүү бийлик органдарына окуяларга жол бербөө, ошондой эле чектеш райондордун калкынын зарыл маселелерин чечүү максатында түшүндүрүү-алдын алуу иштерин жүргүзүүнү күчөтүү тапшырылды;

- Социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү, чыр-чатактардын алдын алуу максатында Баткен облусунун жана Согдий облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын ар тараптуу кызматташуусу активдештирилет;

- Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды ЖМКларда чагылдыруу боюнча макулдашууларды катуу кармануу тууралуу бир пикирге келишти.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы бүгүн, 15-январда, чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдоо максатында жергиликтүү калк менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий