• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

200 миң сомдон ашуун айып салынды. "Ош" базарындагы башаламан соода менен күрөш уланууда

Коом 0

Бишкек, 09.08.23. /Кабар/. "Ош" базарындагы башаламан соода менен күрөш уланууда, деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, тиешелүү кызматтар тарабынан 2023-жылдын башынан бери базардын айланасындагы мыйзамсыз башаламан сооданы жоюу үчүн 154 рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында 280 башаламан соодага өбөлгө түзгөн объекттер (зонттор, столдор, металл конструкциялары, жыгач конструкциялар), 29 араба алынып, 63 протокол түзүлүп 209 миң сомго айыппул салынган.

Алынган материалдар Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын штраф базасына жеткирилген.

Бүгүнкү күндө мыйзамсыз башаламан сатуучуларды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий