• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан дөңгөлөктүү транспорт каражаттары үчүн БУУнун макулдашылган техэрежелерин кабыл алуу жөнүндө макулдашууга кошулду

Президент 0

Бишкек, 09.08.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына орнотулушу жана/же колдонулушу мүмкүн болгон жабдуулардын предметтери жана бөлүктөрү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун макулдашылган техникалык эрежелерин кабыл алуу жөнүндө жана 1958-жылдын 20-мартында Женева шаарында түзүлгөн Бириккен Улуттар Уюмунун ушул эрежелеринин негизинде берилген расмий бүтүмдөрдү өз ара таануунун шарттары тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Келишим катышуучу өлкөлөргө заводдук сыноолордун негизинде Транспорт каражатынын түрүн жактырууну (ТКТЖ) алууга укуктук мүмкүнчүлүк берет. Ата мекендик өндүрүүчүлөр ТКТЖны заводдук сыноолордун протоколдорун жана аларга декларацияларды сертификаттоо органына жана сыноо лабораторияларына тапшыруу аркылуу ала алышат. Кыргызстан бул Макулдашууга кошулуусу менен ТКТЖны алуу жол-жобосу арзан жана тезирээк болуп калат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий