• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн футбол ардагерлерине каршы оюнга чыгат

Президент 0

Бишкек, 29.08.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров футбол боюнча Кыргызстандын ардагерлер курама командасынын катарында КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлер командасы менен беттешет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Эске салсак, өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш 30-августта борбор калаадагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Иш-чара саат 18:00дө концерттик программа менен коштолуп, футболдук беттеш саат 20:00дө башталат. Түз эфир УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

КМШ өлкөлөрүнөн келген футболдун ардагерлеринин командасында Ринат Дасаев, Дмитрий Аленичев, Александр Азимов, Егор Титов, Хорен Оганесян, Марат Кабаев, Мухсин Мухамадиев, Евгений Алдонин, Эрик Яхимович жана башкалар бар.

Кыргызстандын футбол боюнча ардагерлеринин курамасында: Владимир Орешин, Закир Джалилов, Комол Тайчиев, Сергей Фокин, Нематжан Закиров, Ясын Мусаев, Валерий Березовский, Марлен Касымов, Сергей Лисичкин, Вячеслав Прянишников жана башкалар. Команданын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов.

Кирүү акысыз.

undefined

Пикир

Оставить комментарий